www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-апрелде Коргоо министрлигинин №52806 аскер бөлүгүнүн аймагында ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн курамында Казакстандагы кырдаалды турукташтыруу боюнча милдеттерди ийгиликтүү аткарган аскер бөлүктүн өздүк курамын сыйлоо иш-чарасы өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага коргоо министри Бактыбек Бекболотов, президенттин администрациясынын кырдаалдык борборунун башчысы Адилет Жанузаков жана №52806 аскер бөлүлүгүнүн аскер кызматчылары катышты.

Бекболотов өз сөзүндө ЖККУ тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн курамында коңшу республиканын аймагында коюлган милдеттерди аткарууда аскер кызматчыларынын күжүрмөн даярдыгынын жана аскердик тартибинин жогорку деңгээлин белгиледи.

Салтанаттуу иш-чарада тынчтыкты сактоочу контингенттин өздүк курамы мамлекет башчысынын атынан баалуу белектер менен сыйланышып, иш-чара аскер кызматчылардын өздүк курамынын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Эске салсак, ушул жылдын январь айында ЖККУга мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоочу күчтөрү Казакстандагы стратегиялык объектилерди кайтарууну жана коргоону ишке ашырган. Кыргыз аскер кызматчыларына Алматы шаарындагы ЖЭБ-2ни кайтаруу милдети жүктөлгөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости