www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Нур-Султан шаарында газ менен жүрүүчү миң автобус сатып алуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-декабрда кабарлады. 2022-жылы жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларды жана атайын техникаларды сатып алуу боюнча документке Нур-Султан шаарына (Казакстан) жумушчу сапарынын алкагында кол коюлган.

Калаа мэриясы Yutong үлгүсүндөгү автобустарды алып келүүгө ниеттенүүдө. Меморандумга эки өлкөнүн тийиштүү министрликтери, Бишкек иэриясы, "Өнөр жайды өнүктүрүү фонду", “KazakhExport”, “Qaztehna”, "СарыаркаАвтоПром", "Камаз-Инжиниринг" жана “ONAY Pay” ишканалары кол койду.

Мэрия 150 электробус жана газ менен жүрүүчү 250 автобус сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр дээрлик аяктап калганын, экологиялык таза транспорт менен камсыз кылуу, тейлөө сапатын жакшыртуу, электрондук билет системасын киргизүү аракети да көрүлүп жатканын буга чейин кошумчалады.

Акылбек Жапаровдун 7-8-декабрдагы Нур-Султан сапарынын алкагында төрт документке (Кыргызстандын аймагында дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы ("Жол картасы"); 2022-2024-жылдарга "Алматы-Бишкек" экономикалык коридорунун референс лабораторияларын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы; Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн Борбор Азия регионунун коопсуздугун камсыздоого аскердик-техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө келишими; "Ак-Тилек" жана "Карасу" автожол өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын планы) кол коюлган.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы казак мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевге да жолукту. Иш сапарынын алкагында "Астана" эл аралык финансы борбору, санариптик өкмөттүн кеңсеси өңдүү жайларда болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости