www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандан Кыргызстанга жүк ташуучу транспорт каражаттарын мыйзамсыз каттоо схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК кызматкерлери Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы башкы башкармалыгы менен биргеликте Бурабай протоколунун ченемдерине ылайык, Казакстанда бажылык тариздөөдөн өткөн Кыргызстандын министрлер кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинде жүк ташуучу автотранспортторду мыйзамсыз баштапкы каттоо фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, Казакстан үчүнчү өлкөлөрдөн 7 жыл мурда өндүрүлгөн жүк ташуучу унааларды импорттоодо ДСУнун бажы алымдарынан нарктын 10% өлчөмүндө төмөндөтүлгөн бааны колдонот, ал эми ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифине ылайык, импорттук бажы алымынын суммасы 1 куб см үчүн 1 еврону түзөт.

Мындай жагдайдан пайдаланып, жеке адамдар Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, биримдиктин товары болбогон жүк ташуучу автотранспорт каражаттарын каттоо жана алгачкы каттоого алуу боюнча аталган агенттикте мыйзамсыз коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Учурда УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы башкы башкармалыгы тарабынан 3000ден ашык мындай өндүрүлгөнүнө 7 жылдан ашкан жүк ташуучу унаалар катталгандыгы аныкталды.

Бир жүк ташуучу унаадан бажы төлөмдөрүн кем төлөөдөгү айырма 1 млн сомдон 1,5 млн сомду түзөт.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында бул коррупциялык схемага тиешеси бар 5 адам кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул сыяктуу фактыларды жана Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигининдеги башка кызмат адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости