www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУнун аскерлери 14-декабрда Казакстандан чыгып кеткенин РИА Новости кабарлады.

"ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамына кирген Армениянын аскерлеринин жеке курамы жана техникасы Казакстандагы социалдык мааниге ээ жайларын кайтаруу милдетин аткарып бүттү. Алар жүктөрүн Россиянын аскер космостук күчтөрүнүн авиациялык аскер-транспорттук учактарына жүктөп, "Алматы" аба майданы аркылуу үйлөрүнө кетти", — деп айтылган.

Ал эми ушул эле күнү Беларусь аскерлерин жүктөгөн 10 учак Минскиге сапар алган.

"ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүндөгү Беларустун аскерлери Казакстандагы "Жетиген" аэродромунан Минскиге кайтты", — деп билдирди агенттик.

Маалыматта тажикстандык аскерлерди да Душанбеге Россиянын учактары жеткирери жазылган. Ал эми кыргызстандык тынчтык орнотуучулар Бишкекке өзүнүн күчү менен кайта турганы кабарланды.

Белгилей кетсек, ЖККУ Коопсуздук кеңеши Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин улуттук коопсуздукка жана өлкөдө болгон келген коркунучтарга байланыштуу кайрылуусунун негизинде тынчтык орнотуучу жамааттык күчтөрдү жөнөтүү чечимин кабыл алган. Кыргызстандын Жогорку Кеңеши аскерлерди жөнөтүүгө макулдугун берип, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ага ылайык, Казакстанга 150 аскер, 8 сооттолгон техника, 11 аскердик автоунаа жөнөтүлгөн. Жоокерлер негизинен стратегиялык маанидеги объектилерди кайтарууга жардам берери айтылып, кийинчерээк кыргызстандык аскерлер Алматыдагы маанилүү стратегиялык объект катары эсептелген ТЭЦ-2ни кайтарып жатканы белгилүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости