www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 17-мартында Казакстандын К.А. аттуу жараны Ж.Т.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал февраль айында борбор калаанын Орто-Сай базарынын аймагында жабырлануучунун ишенимине кирип, алдоо жолу менен 24 млн 779 миң сомун ээлеп алган. Ошондон кийин убадасын аткарбай, изин жашырып кеткен.

Бул факты Октябрь районунун ИИБнин ЭПККсына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1990-жылы туулган Ж.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүгө карата Октябрь райондук соту тарабынан СИЗО-1 абагына бир айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.

"Көңүл бургула! Кылмышкердин кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (500) 15-11-11, 0 (703) 00-72-64 же 102 телефондору аркылуу байланышса болот», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости