www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети 17-февралда өлкөнүн сегиз облусунда өткөн операциялар тууралуу маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, операциялар 17-февралда Актөбө, Атырау, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Батыш Казакстан, Түркстан, Жетисуу облустарында жана Чымкент шаарында жүргүзүлгөн. Анын алкагында сегиз топ "жок кылынганы" кабарланды.

"23 адам, анын ичинде деструктивдүү диний агымдардын жактоочулары кармалды. 17 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул адамдар оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоого, анын ичинде терроризмди үгүттөө, адам уурдоо, опузалоо, ошондой эле баңгизаттарды жана ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелүүдө.

Маалыматка караганда, 49 даректе тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ок атуучу куралдар, ок-дарылар, диний адабияттар, накталай акча жана баңгизаттар алынган.

Былтыр октябрдын башында казак парламентинин депутаттары өлкөдө "салттуу эмес диний агымдардын" жайылышына тынчсыздануусун билдирип, өкмөттү аларды ооздуктоого чакырышкан. Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева дин боюнча мыйзамды катаалдаштыруу керектигин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости