www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстанга келиши боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Tengrinews.kz билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 10-февралынан бери Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Алматы облусу боюнча башкармалыгы Викрам Рузахуновго карата кыйноо фактысы боюнча облустун укук коргоо органдарынын белгисиз кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатышат. 19-февралда Рузахуновду тергөө органы жабырлануучу катары тааныган.
"Бүгүнкү күндө бул иш боюнча Алматы шаарынын, Алматы облусунун ИИМинин, УКМКнын кызматкерлери жана медицина кызматкерлери суракка алынды. Бирок бир катар себептерден улам шектүүлөрдүн чөйрөсүн аныктоо мүмкүн болбой жатат (видеодо бардык кызматкерлер бет кап тагынышкан)", - деп билдирген Казакстандын Башкы прокуратурасы.
Ошондой эле, Рузахунов менен жогорудагы окуяларга катышкан бардык кызматкерлердин сүрөттөрү облустук ички иштер башкармалыгынан суралганы белгилүү болду.
"Рузахунов анын катышуусунда зарыл болгон тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн бир нече жолу тергөө органына чакырылган. Учурда коопсуздук чаралары менен анын келиши боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деп кошумчалашкан Башкы прокуратурадан.
Булак: NazarNews.kg