www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын өкмөтү VIII чакырылыштагы парламенттин биринчи сессиясы башталаар алдында отставкага кетти. Президенттин тиешелүү жарлыгына кол коюлуп, Акорда сайтына жарыяланды.
Буга чейин премьер-министр Алихан Смаилов министрлер кабинети жаңы шайланган Мажилиске отставкага кетүүгө камданып жатканын билдирген. Жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин өкмөттүн бардык мүчөлөрү өз милдеттерин аткарышат.
«Жаңы премьер-министр ким болору президент менен парламенттин иши. Албетте, биз ар кандай бурулушка даярбыз», - деди Смаилов.
Алихан Смаиловдун өкмөтү январь окуясынан кийин эле түзүлүп, бир жылдан ашык иштеген. Бул убакыттын ичинде Министрлер Кабинетинин составында да, анын структурасында да өзгөрүүлөр болду.
Булак: NazarNews.kg