www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын полиция кызматкерлери үчүн гумжардам жөнөтүлдү

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Казакстандын суу ташкынынан жабыркаган полиция кызматкерлери үчүн гуманитардык жардам жөнөткөнүн билдирди.

50 тонналык жүктүн ичинде биринчи муктаждыктагы буюмдар, дары-дармек, желим өтүктөр, дизелдик жана электр генераторлор, үйлөмө кайыктар, чатыр, матрац, тамак-аш жана жууркан-төшөк бар.

"Демилге кризис учурунда эки өлкөнүн ортосундагы тилектештик колдоонун бир бөлүгү болуп саналат. Казакстандагы суу ташкынынын кесепети оор болду. Мындай учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү маанилүү. Бул көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жеңилдик алып келип, жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө көмөк болот деп үмүттөнөбүз", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан коңшу мамлекетте селден жабыркагандарга гуманитардык жардамдын биринчи партиясын 6-апрелде жөнөткөн. Анда 15 фура 300 тонна жүк жеткирген. Эске салсак, суу Казакстандын жети облусун каптап, миңдеген жарандар үйүн таштап башка жакка көчүрүлүүдө.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости