www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Республикасында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө улут аралык кастыкты козутуу аракеттери аныкталды, деп билдирди УКМК.

«Фейсбук социалдык тармагында Косай Сүйүнкулов аттуу колдонуучу "КамАЗ" жүк ташуучу унаасынын айдоочусу Кыргызстандын жараны Казакстандын желегин жерге түшүрүп жаткан видеосун таратып, бул социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан ар кандай пикирлерди жараткан.

Ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде аталган видеонун автору Кыргызстандын жараны 2003-жылы туулган С.У.С экени аныкталган. Аны менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, С.У.С. эмоцияга алдырганын мойнуна алган.

УКМК жарандарды провокацияга алдырбоого жана спортко байланыштуу эки өлкөнүн мамилесине залакасын тийгизиши мүмкүн аракеттерди токтотууга чакырат», - деп айтылат расмий маалыматта.

 

Последние новости