www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-сентябрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата КР Улуттук гвардиясында Мамлекеттик тил күнүн белгилөө боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. 

Салтанатуу иш-чарага Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын штаб башчысы – колбашчынын биринчи орун басары гвардиянын полковниги Алмазбек Абдибаитов, "Кыргыз тили" коомунун президенти, коомдук ишмер Раимжан Курбанов, КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев, Манас театрынын өнөрпоздору, аскер кызматчылар жана ошондой эле чакырылган коноктор катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жөнүндө” кыска метраждуу даректүү тасма тартууланды.

Ошондой эле, майрамдык иш-чара элдик ырчылар Нурзада Абдылдабекова, Бакыт Омурзаков, Кенжегүл Өзүбекова, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын ырчысы Рыскелди Анаркул уулу, “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөсү Жыпара Кутпидинова, Канатбек Таалайбек уулу, акын Нурайыма Бактияр кызы, жаш таланттар Акмарал Эркинбек кызы, Диана Жумадыловой жана аскердик оркестринин аскер кызматчыларынын катышуусундагы майрамдык концерттик программа менен улантылды.

Последние новости