www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын журналисттер бирлигинин Астана шаары боюнча өкүлчүлүгү өлкөнүн мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин сотуна ЖМК өкүлдөрү киргизилиши керектигин билдирди.

"Процессти сүрөткө жана видеого тарткан ЖМК өкүлдөрү токтоосуз түрдө сот залына киргизилиши керек. Алар телесюжеттерди, сүрөт баяндарды жана тексттик материалдарды даярдоодо көптөгөн кыйынчылыктарга кабылууда. Журналисттердин сотко катыштырылбай жатышы – алардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу болуп эсептелет", – деп жазылган бирликтин дүйшөмбү күнү кечинде жарыяланган билдирүүсүндө.

11-мартта экс-министр Куандык Бишимбаевдин иши боюнча алгачкы болжолдуу угуулар өткөн. Процессти чагылдыруу үчүн барган журналисттер соттун жүрүшүнө пресс-борбордогу монитор аркылуу көз салууга аргасыз болушкан. Отурумда айыптоо өкүмү окулуп жатканда трансляция бир нече жолу үзгүлтүккө учураган.

"Эгер видеого жана сүрөткө тарткан журналисттер чектелген убакытка болсо да сот залына киргизилбесе, анда иштин объективдүү каралышына шек жаралат", – деп жазылган билдирүүдө.

Куандык Бишимбаев аялы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталууда. Экс-министр өзү бул айыптоону четке кагып келет. Адвокаттары анын аялын өлтүрүү ниети болбогонун айтууда. Бул иш боюнча Бишимбаевден тышкары анын тууганы Бахытжан Байжанов да айыпталуучу катары өтүүдө. Ага кылмышты жашыруу боюнча айып тагылган.

Экс-министрдин иши боюнча болжолдуу угуулар бүгүн уланат.

Последние новости