www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин кыйынчылыкка кыргыздар биринчи болуп жардам берди, а биздикилер алардын жаранын кармап кетти. Бул тууралуу казакстандык блогер Айжан Хамит өзүнүн социялдык баракчасына жазып чыкты.

“Кыргыздар казактарга гуманитардык жардам чогултуп, Бишкекте тыгылып калган Казакстандын жарандарын баш калкалоочу жай дайындап берүүгө даярбыз деп интернетте жазып жатышат.

Биздин кыйынчылыкка кыргыздар биринчи болуп жардам берди, а биздикилер алардын жаранын кармап кетти. Кыргызстандын жараны, белгилүү джаз музыканты, бир аткаруусу миң доллардан кымбат турган Викрам Рузахуновду ур-токмокко алып, 200 доллар үчүн митингге катышканын моюнга алдырып жатышат.

Мунун баары Орусиянын саясий технологияларына ылайык жасалып жатат. Тилекке каршы, биздин улуттук “Казакстан” каналы “1-каналга” жана “Россия-24кө” айланып кетти. Алар эки мамлекетти уруштурууга аракет кылууда. Провокацияга алдырбагыла, посттун астына комментарийлерди чыныгы адамдар жазат деп ойлобогула. Чыныгы адамдардын азыр интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү жок” - деп жазган блогер. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости