www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
5-январда «Чоң-Капка-авто жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда «Вольво» жүк ташуучу унаасы кармалган. Анын айдоочусу Т.А. чек арадан дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген.
Унааны текшерүү учурунда жалпы баасы болжол менен 10 миллион сомдон ашык болгон, «ар түрдүү товарлар» деп катылган 224 кутуча дары-дармек табылды. Ошол эле учурда бул дары-дармектердин тиешелүү документтери жок болуп чыкты.
Унаа Россия Федерациясынан келип, республиканын түштүгүнө бара жаткан.
Учурда бул фактынын жагдайларын тактоо, анын ичинде контрабандалык жүктүн чыныгы ээлерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg