www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы алдында видеоконференция режиминде ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу акорда жазып чыкты.

Жыйындын жүрүшүндө Башкы прокурор, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, Ички иштер жана Коргоо министринин милдетин аткаруучулар баяндама жасашты.

Мамлекет башчысына өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча укук коргоо органдары жана Куралдуу күчтөр тарабынан көрүлүп жаткан активдүү чаралар тууралуу маалымат берилди. Элди жана транспорт каражаттарын текшерүү, ошондой эле стратегиялык объектилерге көзөмөлдү орнотуу максатында калктуу конуштардын аймагында 93 пост орнотулду.

Касым-Жомарт Токаевге мыйзамга баш ийбөө фактыларына, эң маанилүү жана стратегиялык объектилерге кол салууларга катуу бөгөт коюлганы тууралуу маалымат берилди. Алматыдагы "Барлык" жана "Алтын Орда" базарларын тазалоо учурунда 207 адам кармалды. Алардан уурдалган 5 унаа, курал-жарак, ок-дарылар жана калкандар алынган.

Борбор калаада алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Анын жүрүшүндө короолордо жана батирлерде күнү-түнү күзөт болот. Жалпысынан өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режимин бузган 1,5 миң адам жоопкерчиликке тартылган.

Мамлекет башчыга учурда негизги күчтөр террористтерди аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам чараларды көрүүгө багытталганы маалымдалды.

Касым-Жомарт Токаев өлкөдө коомдук тартипти жана коопсуздукту калыбына келтирүү боюнча ишти улантууну, ошондой эле бул ишти маалыматтык камсыздоону күчөтүүнү тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости