www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушулардын баарына, мен айтып жаткан өңүткө бүгүн ГКНБнын башчысы К.Ташиев казак тарапка жооп бергендей болуптур бир чети. Бул тууралуусаясатчы Азат Эркебаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Боор ооруса боорго тебет ко бягы. Жакшы эмес өңүт, тенденция баратат Казакстанда жанган отко Кыргызстандын, кыргыздардын атын жабыштырып, көө сүйкөп. Же кайсы бир таасирдүү күчтөр ошол оттун эпкинин, учкундарын нары таратып, өздөрүнүн оюндарына бизди да аралаштырып, пайда, утуш табалы дегениби?

Кошуналарда кагылышкан кландардын бир тарабы оңбогондой күчкө, күтүлбөгөн (же алдын ала пландаштырылганбы) таасирге ээ болуп үстөмдүк кылып, тополоңду, кутумду басып, өлкөдөгү чыңалууну басаңдатып, абалды толук көзөмөлгө ала баштаганда, шамал башка жака, жаңы багытта айдай баштаганыбы?

Акыркы 2 күндө казак, буларга шилтеме менен же тикелей орус маалымат каражаттарында Кыргызстанды казак окуяларына байланыштырган кабарлар: кармалган тополоңчулардан кыргыз паспорттору, сомдору табылышы, Викрам Рузахуновду кармап көрсөтмө бердириши, атышууну Бишкеке карай жолго жабыштырышы, курал ташылганын биздин чек арага байланыштырышы, деги эле жоочулардын кыргыз транзитинен келип чыгышы, ушулардын көбөйө башталганы эмнени каңкуулайт? Бизди кооптондуруш керекпи?

Албетте. Бирок карапайым казак элине сөз тийгизгим келбейт, бери дегенде баурдастар өздөрү шок болуп, өздөрүнө келе албай, акыркы окуяларга сергек, салкын кандуу, терең баа, анализ бералбай турган акыбалда турса керек дейм.

Алардын ой-кыялындагы революция, чукул өзгөрүүлөр уурдалгандай кебетеси. Кыргызстанды кыпчый кетип, жылаан башын кылтыйткандай маалыматтар казак, орустун көз карандысыз эмес, бийлике жакындыгы бар деп сыпатталган маалымат каражаттарында чыгып жаткандыгы ойлондурат: Qazaqstan TV, Хабар-24, Orda.kz; Оруссиянын Независимая газета, эң ири, популярдуу Незыгарь телеграмм-каналы. Буга чейин Дикий Армандын кыргыздарды талап-тоноочулука айыптап кеткенин айтсам, бул кримтөбөл өзү казак олигархы, Назарбаевдин жакын адамы Кенес Ракишевдин (биринчилерден өлкөдөн кача чыккан) көздөй кишиси, иштерин бүтүрүүчүсү, акыркы окуялардын ичинде жүргөн адам.

Ушулардын баарына, мен айтып жаткан өңүткө бүгүн ГКНБнын башчысы К.Ташиев казак тарапка жооп бергендей болуптур бир чети. 11-январь өтчү ОДКБнын видео-жолугушуусунда кыргыз тарап да ушул өңүт боюнча өз оюн ачыктайт деп жатышат, биз да үмүт этели ошого.

Бирок эки дөө кагышса, ортодо чымын өлөт болбогудай болсо гана. Мына Казакстандын чакчелекейи чыгып, кейиштүү акыбалда калганы тууган катары өкүндүрөт. Себеби 10-12 январдагы Орус-Америка, Орус-Европа жогорку сүйлөшүүлөрүндө биздин чөлкөмдүн, анын ичинде Кыргызстандын да тагдырына таасир тийгизчү чечимдер кабыл алынса, алынбай калса да бизге окшогон баралына толо элек, бекем бутуна туралбаган, көп жааттан эгемендике жете элек өлкөнүн келечеги ойлондурбай койбойт", - деди саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости