www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бронкс районундагы көп кабаттуу турак-жайда өрт чыгып, 19 адам көз жумду, алардын тогузу жаш балдар.

9-январдагы өрт шаар тарыхындагы акыркы он жылдагы курмандыгы эң көп окуя катары катталды. Нью-Йорк калаа башчысы Эрик Адамстын баш кеңешчиси Стефан Рингел курмандыктар тууралуу маалыматты тастыктады.

Өрт чыккан үйдөгү элүүдөн ашык тургун жаракат алып, дагы 13 киши оор абалда. Алардын көпчүлүгүнүн дем алуу органдары жабыркаган.

Тилсиз жоонун алдын алууга шаардын 200дөй өрт өчүргүчү тартылып, 19 кабаттуу имараттагы жашоочуларды куткарышты.

Буга чейин Филадельфия штатында да чоң өрт чыгып, сегиз кичинекей бала жана төрт киши каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости