www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Баш прокуратурасы Алматыда кармалган Кыргызстандын 4 жаранын коё бербей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы «АКИpress» агенттигине билдирди.

Министрлик Казакстандын Ички иштер министрлиги кыргызстандыктарды бошотконуна карабай, көзөмөл органы аларды «өзүнүн ички иштерине ылайык» кармап турганын белгиледи.

Буга чейин кыргызстандык 4 жаран — З.Юбуров (1990-жылы төрөлгөн), А.Хуров (1991-жылы төрөлгөн), И.Мачо (1987-жылы төрөлгөн), А.Жиншанло (2001-жылы төрөлгөн) Алматыдагы башаламандыкка катышкан деп шектелип кармалганы маалымдалган.

Кыргызстандыктар Алматы облусундагы СИЗОдо камакта. Алар текшерүү иш-чараларынын алкагында кармалган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости