www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандагы баш аламандыктардан келтирилген чыгымдын болжолдуу суммасы 44 миллиард теңгени (болжол менен 100 миллион АКШ долларын) түздү, деп айтылат Казакстан Республикасынын “Атамекен” улуттук ишкерлер палатасынын билдирүүсүндө.

«Чыгымдардын жалпы суммасы болжолдуу эсептөөлөр боюнча 44 миллиард теңгеден ашык (Алма-Атада 43,5 миллиард теңге)», — деп айтылат маалыматта.

Зыяндын көбү соода, коомдук тамактануу, транспорт, тейлөө субъекттерине, ошондой эле финансы секторуна келтирилген. «Ошол эле учурда көпчүлүк ишкерлерге келтирилген зыянды аныктоо азырынча мүмкүн эмес, анткени бул объектилердин маалыматтарын алууга мүмкүнчүлүк жок», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости