www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Камбар-Ата-1” ГЭСинин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, ал деңиз деңгээлинен 1200 метр бийиктикте жайгашат. Быйыл январь айында Кыргызстандын, Казакстандын жанан Өзбекстандын энергетика министрлери “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруунун жол картасына кол коюшкан. Мындан тышкары расмий Астана менен Ташкент биргелешкен ишкана түзүү демилгесин колдошкон. Биргелешкен ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарары жана анын 34% акциясы Кыргызстанга таандык болору, ал эми Казакстан менен Өзбекстан 33% алып, жалпы 66% ээлик кылып калары айтылган.
“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык көрүү алкагында дарыянын нугун буруу үчүн узундугу 180 метр, туурасы 30 метр болгон тилкеде жардыруу иштери аткарылды. Учурда жолду курууга даярдык иштеринин 15 чакырымы бүтүп калды. Дагы 3 чакырым жер даярдалат. Мындан сырткары узундугу 1380 метрди түзгөн туннел Союз кезинде аягына чыкпай калган экен. Ошонун 126 метр жерин казуу иштери жүрүүдө. Ушу тапта 90 метрдей жер калды. Ал эми жолдорду асфальттоо 2024-жылы башталат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg