www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казино ача тургандарга коюлчу талаптар

Оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандын аймагында казино ачуу үчүн ишкерлик субъектилердин Юстиция министрлигинен ЖАК же ЖЧК катары катталгандыгы боюнча күбөлүгү болушу шарт. Бул туурасында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын лицензия, уруксат берүү бөлүмүнүн башчысы Эркин Насиров айтып берди.

"Мындан башка дагы талап кылынган документтер бар, дагы бир маанилүү шарты — оюн-зоок жайын ача турган ишкердин же компаниянын резервдик фондунда 4 миллион сом болушу зарыл. Бишкектен башка аймактарда ача турган ишкерлерде да 2 миллион сомдук резерви болгон соң гана лицензия ала алышат", — деген Насиров.

Ал эми Бишкекте ачыла турган оюн автоматтары залы үчүн 1 миллион сом, облустарда ачыла турган залдар үчүн 500 миң сом резервде болуусу каралганын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Экономика жана коммерция министрлиги өлкөдө кумарканаларды ачууга уруксат берүүнү демилгелеп, коомдук талкууга чыгарган.

2021-жылы да Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Дастан Жумабеков Ысык-Көлгө казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Мамлекет башчы Садыр Жапаров дагы бул идеяны колдой турганын билдирген. Бирок каршы чыккандар дагы болуп, талаш жаралган. Аталган демилге ЖКда биринчи окуудан өтүп, кийин ошол бойдон каралган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости