www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-августта Бишкек шаардык сотунда социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү жарандык активист жана блогер Адилет Али Мыктыбектин соттук териштирүүсү уланды.

Анын жактоочусу билдиргендей, активистти үй камагына чыгаруу өтүнучү келтирилген, бирок судьялар тарабынан бул өтүнүч четке кагылып, Адилет Балтабай абакта калтырылды.

Акыркы ирет Адилет Балтабайдын соту 27-июлда болгон. Бирок сот имаратта жараянды өткөрө турган бош бөлмөнүн жоктугун айтып, аны кийинкиге жылдырган.

Активисттин жактоочусунун ал жолку айтымында, райондук сотто аныкталган бөгөт чарасына каршы апелляциялык даттануу шаардык сотко бир ай мурда эле, активист жаңы кармалганда берилген. Мыйзам боюнча арыз 14 күндүн ичинде каралышы керек.

Эске салсак, 30-июнда Ички иштер министрлиги Адилет Балтабайды суракка чакырып, эртеси күнү ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камаган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында айып коюлган.

"Мага "бийликке баш ийбөөгө" жана "жарандарга зордук-зомбулук көрсөттү" деген айып коюп жатышат. Мен кайсы жерде Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге баш ийбегиле деп айттым, мен кайсы жаранга зордук-зомбулук жасадым? Мени 5 жылдан 8 жылга чейин соттойбуз деп жатышат, кайсы күнөөм үчүн мени эркимен ажыратышат? Мен болгону Фейсбукта өз пикиримди гана айтып келдим", - деген эле Адилет Балтабай.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлдагы маалымат жыйынында Адилет Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости