www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында көчөдө мурунку аялын сабап жаткан киши милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-сентябрда саат 15:30 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын “102” кызматына эркек киши аялды сабап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факт Свердлов РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ошол замат Бишкек ШИИБдин кызматкерлери окуя болгон жерге барышкан, анда 1990-жылы туулган А.Ү.., 1988-жылы туулган мурунку аялы А.З., менен уруша кетип, аялды сабап жаткандыгы аныкталган.

Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына 1990-жылы туулган А.Ү., аттуу жаран алынып келинген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен А.Ү.га карата чара көрүү максатында аталган факт боюнча материалдар Свердлов РИИБнин Коомдук коопсуздук кызматына өткөрүлүп берилип, жаранга карата протокол түзүлгөн.

Белгилеп кетсек, денесинен алган жаракаттары боюнча жаран А.З. арыз жазган. Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

< Предыдущий

Последние новости