www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кээ бир мыйзамдар акылга такыр сыйбайт, дегиле аларды окуп отуруп, кабыл алуунун зарылчылыгы бар беле деген ой келет.
Дүйнө тарыхындагы эң өзгөчө мыйзамдарды назарыңыздарга сунуштайбыз.
Темир жол вокзалында өбүшүүгө болбойт
1910-жылы Францияда темир жол вокзалында өбүшүүгө катуу тыюу салган эле. Бул мыйзам ушул күнгө чейин күчүн жогото элек. Себеби, белгилүү болгондой, өбүшүүгө кумар жаштар коштошуу саатын өтө узакка созуп жиберишет. Мунун натыйжасында поезд өз убактысынан кеч жолго чыга турган болгон.
Мындай мыйзам Улуу Британиянын Уоррингтон шаарында да кабыл алынган. Эми бул аймакта да поезддер жолго кечигүүсүз чыгат.
Доңузду “Наполеон” деп атоого тыюу салынат
Францияда торопойлорго “Наполеон” ысымын берүүгө тыюу салынган. Себеби өзүңүз деле түшүнсөңүз керек?
Кечки саат ондон кийин унитаздын суусун агызууга болбойт
Швейцариядагы эң өзгөчө мыйзам – кечки саат ондон кийин унитаздын суусун шарылдатып агызууга мыйзамдуу түрдө менен тыюу салынган. Бийлик бул үн кошуналардын тынчын алат деген пикирде.
Дааратканага кирүүнү суранган адамды ким болбосун үйгө киргизүү керек
Шотландияда дааратканага кирүүнү каалаган бөтөн адам үйдүн эшигин каккыласа, ким болбосун ал адамды үйүнө киргизүүгө милдеттүү.
Саат кечки алтыдан кийин жел чыгарууга болбойт
АКШнын Флорида штатында бейшенби күнү саат кечки алтыда органикалык газ чыгарууну абдан каалап турсаңыз, эч ким байкабаган далдараак жерди издөөгө туура келет.
Эгер байкатып койсоңуз, коомдук тартипти бузганыңыз үчүн жоопко тартыласыз.
Сууга чөккөн адамды куткарууга чектөө коюлган
Кытайда сууга чөккөн адамды куткарууга болбойт деген мыйзам бар. Бул анын тагдырына аралашуу деп эсептелинет.
Жумушту бүтпөй туруп, каза болбоңуз
Англия парламентинде жумуш күнү аяктай электе о дүйнөгө аттанууга тыюу салынган. Анткени, алар жумуштун бүтпөй калышына уруксат беришпейт.
Түрү суук кыздарга жарым жыңалач абалда жүрүүгө уруксат жок
Италияда өңү серт кыздар пляжда жарым жыңалач жүрө албайт, буга мыйзам жол бербейт. Себеби, бул туристтерди жиркентип, качырып жибериши мүмкүн. Муну менен катар, жергиликтүү мыйзамга ылайык, Мария аттуу аялдарга сойкулук менен алектенгенге катуу тыюу салынган.
Көзүнө чөп салган күйөөсүн өлтүрүүгө уруксат берилген
Гонконг шаарынэркектер үчүн чыныгы тозок десе дагы болот. Себеби, жергиликтүүмыйзам боюнча, күйөөсү аялынын көзүнө чөп салса, аны өлтүрүүгө уруксат берилген. Болгону эркектин чын эле бөлөк аялдарга барганын сотто далилдеш керек.
Булак: "кундеми"