www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул кеңешти ар бир эркек керегине жарата алат.

Ушул айлардагы кеңешибиздин басымдуу көпчүлүгү аялдарга арналууда. Бул дегенибиз – эркектердин төшөктө көйгөйү жок деген сөз эмес. Аларда да бар, бирок айтпайт. Аялдар сыяктуу чечилбей жаткан маселесин курбусуна, жеңесине же дагы бир таанышына айтып арызданып, кеңеш сурап олтурбайт. Себеби, ал – ЭРКЕК.

Ошондуктан, бул кеңешти аялдардын окубай өтүп кеткени туура болор. Интернет аркылуу төшөк тегерегинде – “Күйөөм тез бүтүрүп коёт” же “Кантип тез бүтүрбөөгө болот?” деген суроолор эң көп коюлат. Ооба, ушундай көйгөй бар. Эч кимдин аярлуу жерине тийишкибиз келип жаткан жок. Мүмкүн болушунча, “улуу сөздө уят жогун” билдирип, кеңешибиз менен жардам берсек дейбиз. Ушул себептерге байланыштуу маселенин түйүнүн кантип чечүүгө боло турган жолдорун байкап көрөлү.

Эскертүү! Төшөк катнашы учурунда ичимдик, нервди тынчтандыруучу дарыларды унутуу керек. Дүлүктүрүүчү заттар “эркек” атыңызга кир келтирет.

1-ыкма: Булчуң этти чыңдоо

Муну көбүнчө дааратканада жасай аласыз. Заара чыгаруу учурунда аны ортосунда токтотуп, кайра улантып бир нече жолу кайталасаңыз, сизге “керектүү” булчуң эт чыйрала түшөт.

2-ыкма: Курсак-жамбаш булчуң эттерин бекемдөө

Бул ыкма адатта аялдарга да жардам берет. Төмөнкү жакты жыйрып, кайра бошотуу аркылуу күнүнө бир нече долу машыгуу жасоого болот. Башында бир гана орунда олтурганда жасаңыз, кийин каалаган абалда жасоого үйрөнөсүз. Бул жалпы дене мүчөсүнө көп пайда берүүчү машыгуу болот.

3-ыкма: Көкүрөк менен эмес, ич менен дем алыңыз

Ооба, төшөккө жатканда (жыныстык катнаш учурунда) көкүрөк менен гана дем албай, ага карын менен де алууну кошуңуз. Өпкө менен гана дем алуу жүрөктүн тез согушуна алып келет да, аптыгып ишти тез бүтүрүүгө туура келет. Ошондуктан, кезеги менен дем алууга маани берген туура. Төшөк катнашы учурунда туура дем алууну үйрөнбөсөңүз, даараканадан дары алып ичсеңиз да, эч нерсе жардам бербейт.

4-ыкма: Экинчи жолу кайталап көрүү

Көп учурда экинчи жолу кайталап көрүү ыкмасын эркектер колдоно беришпейт. Ал эми адистердин айтымында, бул ыкма эң натыйжалуусу. Биринчи жолкудан кийин маанайды тынчтандырып, ишти кайра баштаса, мурункусунан узак болорун адистер айтышат.

6-ыкма: 3 эсе жай кыймылдоо

Адаттагы кыймылыңызды эске салыңыз да, андан 3 эсе жай кыймылдап көрүңүз. Шашылбаган туура.

7-ыкма: Көздү жумуп...

Ишти узарткыңыз келсе, бөлмө караңгы, башкача айтканда жубайыңыздын денеси көзүңүздү азгурбай турган болушу керек. Эркектердин жаратылышы мындай: аялдын денесине тез арбалат. Арбалат да...тез аягына жеткирип коёт.

Булак: "chabarman.kg"

Последние новости