www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде кечкисин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Баткен шаардык кеңеши 26-октябрдагы отурумунда шаардын аймагында кечки саат 21:00дөн эртең мененки саат 9:00гө чейин спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизген токтом кабыл алды.

“Алкоголдун зыяндуу жактарын эске алуу менен коомдук тартипти сактоо максатында шаардык кеңештин депутаттары спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү боюнча токтом кабыл алды”,- деп айтылат билдирүүдө.

Мындай токтом кабыл алууга Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусу себеп болгон. Шаардык кеңеш акыркы убакта шаар аймагында майда кылмыштуулуктун саны өсүп, түнүчүн көчө жарыктын өчүрүлүүсү да кошумча болуп жаткандан улам ушундай токтом кабыл алынганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости