www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-октябрга карата «Империя пиццы» кафесиндеги тамак-аштан ууланып, Бишкек жана Чүй облусундагы саламаттык сактоо мекемелерине жардам сурап кайрылгандардын саны 253 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Бүгүнкү күндө 253 адамдын ичинен 60 киши ооруканаларда дарыланууда. Алар:

- темир жол ооруканасында 19 жабырлануучу;

- Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасында 18 жабырлануучу;

- Улуттук госпиталда 23 жабырлануучу.

Алардын абалы канааттандыраарлык. Калган жабырлануучулар медициналык жардам алгандан кийин үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү.

Бишкек шаарындагы «Империя пиццы» кафелери эпидемиялык иликтөө иштери жүргүзүлгөнгө чейин жабылды.

Андан тышкары, Мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө борборлорунун кызматкерлери бардык тамактануучу жайларды текшермей болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости