www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бразилия парламенти президентти күнөөлүү деп атады...

Бразилиянын Улуттук Конгрессинин жогорку палатасы пандемия башталгандан тарта мамлекеттик жогорку жооптуу кызматтагылардын иш-аракеттерин изилдеген коммиссиясынын жыйынтыгын чыгарды.

Ал жыйынтыкта - өлкө президенти «Жаир Болсонару мамлекет башчы катары шалаакылык кылып, абалды көзөмөлгө ала алган эмес», - деп айтылып, 9 кылмыш иши тагылып, алар Федералдык полиция, Жогорку сот, Баш прократура жана башка тийиштүү органдарга жөнөтүлдү.

Аталган айыптардын ичинде президент көпчүлүк менен болгон жолугушууларында дайыма бет капсыз жүргөнү, жарандарды вакцинациялоодо өзүм билемдикке барып, толук далилденбеген препараттарды шарлатандык жол менен коомчулукка таңуулаганы, тыштан вакциналарды, дары-дармектерди сатып алууда жана аны элге таратууда, сатууда ири коррупциялык элементтер орун алганы айтылат.

Ишин 6 ай жүргүзгөн депутаттык комиссия коюлган айыптардын негизинде мамлекет башчысынын мындай кадамдары өлкөнүн Баш мыйзамына карама-каршы келгенин да белгилешти. Мындай жүйө менен импичмент маселесин көтөрүүнү да жалпы депутаттарга сунуштады.

Ошону менен бирге, депутаттык комиссиясынын докладында айрым тийиштүү министрликтер жана ушундай мыйзамсыздыктарды колдоп добуш берген бир топ депутат, президенттин ошондогу аракеттерин колдоого алган ири ишкерлер, эксперттер, бардыгы болуп 78 адамга саясий айып тагылды.

Эске салсак, коронавирус Бразилиянын 600 миңден ашуун жаранынын өмүрүн алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости