www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишим кюмуна (ЖККУ) мүчө болуп кирүүнү пландаган жок. Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. «Бүгүн биз Өзбекстандын ЖККУга кайтып келишинин зарылдыгын көргөн жокпуз»,-деп билдирди ал.
Бирок ал Орусия жана кошуна мамлекеттер менен Өзбекстан активдүү кызматташып жатканын да кошумчалады.
Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге 1992-жылы Ташкенде Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикистан жана Өзбекстандын өлкө башчылары кол койгон. 1993-жылы уюмга Беларусь, Азербайжан жана Грузия кирген. Кийин Азербайжан менен Грузия ЖККУдан чыккан.1999-жылы Өзбекстан да уюмдан чыгып, кайра 2006-жылы кайтып келген. Бирок 2012-жылы уюмдан кайра чыгып кеткен. Учурда ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.
Булак: NazarNews.kg