www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык карызы 100 миң сомдон ашса, ишкана жетекчилерине өлкөдөн чыгууга тыюу салынат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Салык кодексинин концепциясы каралып жатканда белгилүү болду.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун айтымында, өлкөдөн чыгууга тыюу салуу - биринчи жана экинчи кол тамга коюуга укугу бар фирмалардын, компаниялардын жетекчилерине, ошондой эле, компаниянын каржылык иштерине жооптуу кызматкерлерге тиешелүү.

«Экинчи этапта биз салык карызын төлөй электе мүлктү сатууга тыюу салууну көздөп жатабыз. Айрыкча карызы 100 миң сом болсо, алгач салык төлөсүн, анан Дубайда, Лондондо эс алсын. Биз либералдык көз караштан - тартипке өтүп жатабыз», - деди Акылбек Жапаров.

Депутат Дастан Бекешев төлөнбөгөн карыздын көлөмүн 500 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштады.

Булак:NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

Последние новости