www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус деп коюп, акчаны мүлжүп жаткандар бар. Орус элчилигинин айтуусунда, 200 миң доза «Спутник-лайтты» сатып алуу үчүн 1,2 млн доллар бөлүнөт. Коронавирус - кээ бирөөлөр байып алыш үчүн аны атайын жугузуп алып жаткан оорудай сезилет. Кыргызстан деле тырмалаңдап кошуналардан кембизби деп, өлкөдө вакцина чыгарууну пландаган. Ал эми Орусия «Спутниктен» байып баратат.
Мына, Кыргызстандан 200 миң доза үчүн миллиондогон доллар каражат алат. Дүйнөдө вакцинадан улам миллиардерге айлангандар тууралуу «Форбс» жазууда. «Уу коргошуну» унутулуп, Орусия вакцинасына оогон Алымкадыр Бейшеналиев түбөлүк министрликти көздөп жатат.
Коронавирустук вакцинаны алгандан кийин - ысытма, жүрөк айлануу жана башка белгилер улгайган жана ден-соолугу начар адамдарды өлүмгө алып келиши мүмкүн. "Спутник V" вакцинасына буюртма берген Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч баскычта жүргүзүлүп жатат. Биринчи - өкмөттүн жана донор уюмдардын каржылык колдоосу менен медицина кызматкерлери эмделген. Экинчи баскычта COVAX программасынын алкагында эмдөө жүрүп, ага оору жугуп калуу коркунучу жогору деп саналган тобокелдик тобундагылар, калктын социалдык аярлуу катмары эмделген.
Үчүнчү баскычта мамлекеттик жана донор уюмдардын эсебинен жарандарды эмдөө улантылат. Эмдөөнүн биринчи жана үчүнчү баскычында 371 953 адамга вакцина сайылат, ага 226 млн сом коротулат. Экинчисинде COVAX программасы - вакциналар жана эмдөө боюнча глобалдык альянстын алкагында 1 млн 200 миң адам эмделет. Ал үчүн глобалдык альянс Кыргызстанга 9 ар башка вакцинаны сунуш кылган, кыргыз өкмөтү алардын арасынан ылайыктуусун тандап алууга тийиш. Өлкөдө эмдөө иштери 1-июнда башталган.
2020-жылы бүткүл дүйнөлүк пандемия күч алып, Кыргызстанда дагы карантин киргизилгенде, маалыматтар ушул дарт тууралуу кан-какшап, кээ бир адамдардын ындыны өчө баштаган. Былтыркы жылга караганда тездик менен дүйнөнүн кээ бир мамлекеттери коронавируска каршы эмдей турган вакциналарды таап, көпчүлүктүн үмүтүн алоолонтуп турат. Ооба, эми деле коронавирус биротоло элди таштап кетип калган жок. Бул оору биротоло чыгып кетпей, COVID-19дан соң коронавирустун жаңы түрлөрү катталып, бул дарт экинчи толкунун, үчүнчү толкунун көрсөтүп жатат.
Коронавирус менен ооруп-айыгып, андан кийин вакцина алган бейтаптардын иммунитети башкалардыкына салыштырмалуу күчтүү экен. Ооруп, айыккандан кийин организмде антитело иштелип чыгат, бирок анда эмдөөдөн өтүүнүн кажети барбы? Сакайгандардын иммунитети коронавирустун кайсы түрүнөн ооруса, ошондон жакшы коргойт, бирок башка штаммдардан начар сактайт. Вакцина алгандардын иммунитети бардык штаммдардан коргойт, болгону "түштүк африкалык" же "бета" штаммына катуу таасир эте албайт экен.
Жалпысынан, эмдөөдөн өткөндөр оорудан оолак болоорун дарыгерлер айтат. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин отурумунда Кытайда жана Орусияда ойлоп табылган коронавирустан эмдөөчү вакциналарды Кыргызстанда өндүрүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
Барган сайын айрым эксперттер жана өкмөттөр бир эле вакцинанын же эки башка вакцинаны аралаштырып кошумча дозасын саюуну жактайт. Профессор Джиндин айтымында, Pfizer же Moderna вакцинасына кошумча Sinovac жана Sinopharm сайса, баштапкы коргоо күчөшү мүмкүн. Индонезиядагы “кызыл зонада” иштеген жумушчуларга эки Sinovacтан кийин Moderna вакцинасы сайылат, ал эми Бахрейн 50 жаштан өткөндөрдү Sinopharm'дын эки дозасынан кийин Pfizer менен эмделүүгө үндөйт.
Бириккен Араб Эмираттары жана Түркия жарандарына Sinopharm жана Sinovac вакциналарын үчүнчү жолу алууну сунуштайт экен. Таиланд дагы ушундай кадамды пландаштырууда. Бирок профессор Каулинг Индонезияда эмдөө баштапкы баскычта жүрүп жаткандыктан, үчүнчү дозаны таңулоо эрте болушу мүмкүн деп күмөн саноодо.
Үчүнчү дозанын кошумча пайдасы кандай болоорун чындыгында жакшылап ойлонуш керек, эмдөөгө мүмкүнчүлүгү жок коомдогу улгайган кишиге эки дозанын жардамы канчалык деңгээлде болот деп салыштыруу зарыл. Sinovac Bio-n-tech компаниясы үчүнчү дозанын натыйжалуулугун клиникалык изилдөөлөрдөн өткөзүп жаткандыгын жана натыйжа кубандыраарлык экенин айтты, бирок Covid-19дан коргонуу үчүн эки доза жетиштүү деп ишендирет.
Казакстандын оорулардын алдын алуу боюнча медициналык академиясынын президенти, иммунолог Алмаз Шарман коронавирус пандемиясы учурунда - эмне себептен грипп дээрлик жок болуп кеткенин түшүндүрдү. Чындыгында эле грипп дээрлик жок болуп кетти. Анткени көпчүлүк бет кап тагынып калды. COVID-19 жок учурда деле эл бет кап тагынып, грипптен коргонсо дал ушундай эле болмок.
Вирус адамдын организминде көбөйөт, ага кире албаса, өзүнөн-өзү жок болот. Ошондой эле кишилер колун тез-тез жууп, гигиенаны катуу сактай баштагандыктан ичеги-карын инфекциялары азайды. Шармандын айтымында, грипп — адамды өлүмгө алып келе турган кооптуу тумоолордун катарында. Андан жыл сайын дүйнөдө 200 миңдей киши каза табат.
Sinopharm кытай вакцинасы
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэнби, өлкөнүн вакциналары "эл аралык коомчулукта өзүнүн коопсуздугу жана эффективдүүлүгү менен таанылып, жакшы абройго ээ болду" деп билдирди. Кытайдын эки негизги вакцинасы - Синовак (Sinovac) жана Синофарм (Sinopharm) менен эмделген калктын арасында инфекция жайылып, ал тургай өлүмдөр да катталганы тууралуу терс жаңылыктар көңүл чордонунда болду.
Кытайда даярдалып жаткан бул вакцина менен кытайлык миллиондогон адам эмделди. Бириккен Араб эмираттары 3 миллион дозага буюртма берген. Пакистан менен Бахрейн - 1 жарым миллион дозага. Бирок Пакистандын премьер-министри Имран Хан бул вакцинаны алган соң коронавирус менен ооруп калганын тууралуу маалымат чыкаан. Учурда Кытай Ухань шаарында Sinopharm'дын түгөйү Sinovac даярдалып жатат. Кытай 300 миллион доза иштетүүгө аракет кылып жатат. Анткени Сингапур, Түркия, Бразилия, Чили жана Индонезия сыяктуу мамлекеттер буюртма бергеен.
«Спутник V» орус вакцинасы
Бул вакцина 2020-жылдын 11-августунда катталган. Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүнө кеңири тарап жаткан вакцина болуп эсептелет. Орусия президенти Владимир Путин башкаларга үлгү болуу үчүн бул вакцина менен эмделди. Дүйнөдө элүүдөн ашык мамлекет "Спутник V" вакцинасын колдонуу чечимине келген. Анын ичинде Кыргызстан да бар. "Спутник V" вакцинасын оңой менен бир нерсени жактырбаган европалыктардын тездик менен жактырып "орус рулеткасына" салыштырышы чоң үмүт пайда кылып турат.
Негизи эле, Европа орусиялык препаратка кызыгуусун жашырган жок. Европа биримдигинин мамлекеттери медикаменттин европалык рынокко чыгарбай Дары-дармек боюнча европалык агенттиктин уруксатын алганча күтөт. Бир гана дурус эмес жагдай медицина да саясатка байланып калган, Дары-дармек боюнча европалык агенттиктин жетекчилери саясий көз караштары боюнча эки анжы болуп турат. Анткени бул препарат канчалык деңгээлде жакшы болгону менен бул препаратты АКШнын саясий атаандашы Орусия жасап чыгарып жатпайбы?
Канткен күндө да, Брюсселдин вакцина боюнча маселелери көбөйүп баратканын эске алсак, кылдат ойлонулган, учурдун идеологиясына толук туура келген европалык пландардын таш-талканын чыгарып, кээ бир саясатчылар "Спутник V" вакцинасын колдонууга чакыра баштады. Орусиялык жана башка өзүнө "ылайык эмес" препараттарды жаратпай коюу боюнча борборлоштурулган жол-жобонун ордуна Дары-дармек боюнча европалык агенттик "Спутник V" вакцинасын сертификациялоо үчүн экспертиза иштерин баштоого мажбур.
Болгондо да ал препараттын Германия башында турган таасирдүү колдоочу тобу бар. Европа биримдигинде эмдөө жагдайы өтө татаал, ошондуктан Европа комиссиясы Брюсселдин уруксаты болбогон өндүрүшчүлөрдөн да препаратты өлкөлөрдүн өз алдынча сатып алуу укугун тааныды. Ал эми маалымат каражаттары "Европанын чордонунда Путиндин пропагандалык ийгилиги" тууралуу гана эмес, европалык стратегиянын кемчиликтери жөнүндө да ачык жаза баштады.
Коронавирустан өлгөндөрдүн үлүшү боюнча дүйнөдө биринчи сапка чыккан Сан-Марино деген мамлекет орусиялык "Спутник V" вакцинасын биринчилерден болуп каттаган себебин жазып чыкты. Пандемиядан катуу жабыркаган өлкө бийлиги ЕБдин борборлоштурулган каналдары аркылуу вакцина алуу аракетинде Брюсселдин бардык каалгаларын каккылаган. Майнап чыккан эмес. "Ошондуктан биз Орусия Федерациясына кайрылып, ушундай жол менен "Спутник V" вакцинасын алууга жетиштик" дейт алар.
Ушундай эле дагы бир мисал – Италиянын активдүү аракеттери. Бир нече апта мурун ЕБде вакцинаны экпорттоого бөгөт коюуга жол берген механизм киргизилди. Италиялыктар бул процедураны алгачкылардан болуп колдонуп отурат. Австралияга италиялык Ананьи шаарындагы ишканада өндүрүлгөн өз препаратынан 250 миң ченемди жөнөткөн.
Ошону менен бирге Австралияда COVID-19 жагдайы Европага караганда кыйла дурус, илдет жуктургандардын саны салыштырмалуу төмөн. Италиялык активдүүлүк муну менен чектелбеди. Эки күн мурун Орусиялык түз инвестициялар фонду менен Adienne Pharma&Biotech компаниясы "Спутник V" вакцинасын Италияда өндүрүү боюнча макулдашууга кол койду. Бул Европада ушундай өңүттөгү биринчи документ.
Швед-англиялык Oxford AstraZeneca вакцинасы
Oxford университетинде швециялык жана британиялык окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан. Бул вакцина Улуу Британияда, Индияда, Аргентинада колдонулуп жатат. Италиянын ушул айда AstraZeneca технологиясы боюнча өз өндүрүшүн ачууга чейин колундагы 300 миң ченемди жеткире алат. Ошондуктан италиялык бийлик бул партияны экспорттоо өтүнүчүн жөн гана четке какты. Ал эми өлкөнүн премьер-министри Марио Драги ЕБди вакцина менен жабдуу боюнча келишимдик милдеттенмелерин аткарбаган компанияларга бир топ катаал чара көрүүгө чакырды. Бул антирейтингде AstraZeneca алдыңкы сапта турат.
Америкалык Pfizer жана Германиянын BioNTech вакцинасы
Америкалык Pfizer 2020-жылдын 21-декабрында Дары-дармек боюнча европалык агенттик тарабынан, 2020-жылдын 31-декабрында Бүткүл дүйнөлүк салматтыкты сактоо уюму тарабынан колдоого алынган. Улуу Британия алгачкылардан болуп колдонуп, анын артынан Бахрейн, Сауд Арабиясы, АКШ, Канада сыяктуу мамлекеттер толук колдонууга бет алган. Америкалык Pfizer жана Германиянын BioNTech компаниясы кызматташкан соң Евробиримдик булар менен 200 миллион дозага жана кошумча 100 миллион дозага контракт түзгөн. Ал эми 2021-жылдын январында дагы 300 миллион дозага контракт түзүлдү. Америкалык Pfizer жана Германиянын BioNTech компаниясы чыгарган вакцина чыгарууну 2022-жылга карата 2 миллиард дозага жеткизүүнү пландап жатышат.
Американын Pfizer жана Германиянын BioNTech компаниялары чыгарган дары менен эмдөө Норвегияда ушул жылдын башында башталган. Норвегиянын Дары-дармек агенттиги эмдөөдөн кийин 23 адам каза болгонун билдирген. Ослодогу карылар үйүнүн жашоочулары биринчилерден болуп эмдөөдөн өттү. Жыл башында ар башка калктуу конуштарда үч адам өлүмү катталган. Учурда кырдаалды иликтөө үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.
Америкалык Modernа вакцинасы
Өткөн жылдын декабрында АКШ, 2020-жылдын 6 январында Евробиримдик колдоого алган. Кембриджде чыккан Modernа 2021-жылы 1 млрд доза чыгарууну көздөөдө. Анын 200 миллионун Евробиримдик, АКШ, Улуу Британия, Япония, Швейцария жана Түштүк Корея 300 миллионго, Канада 40 миллионго буюртма беришкен. 2021-жылдын 12 январынан тартып бул препарат BioNTech/Pfizer менен катар Германияда колдонууда.
Индиянын Covaxin вакцинасы
Индиянын Bharat Biotech International компаниясы иштеп чыккан Covaxin вакцинасы. 2021-жылдын 3-январынан AstraZeneca менен бирге Индияда колдонууда. Сынга карабай, 20 млн доза сатылды. Bharat Biotech International 700 млн доза чыгарууну көздөйт. Индия пандемиядан аябай жапа чеккен мамлекет, бир жарым миллиард калкынын 150 000 миңи коронавирустан ажал тапкан.
"TURKOVAC"
Жаңы дартка каршы Орусия, АКШ, Кытай, Индия, Европанын бир топ мамлекеттери вакцина чыгарышты эле, аларга Түркия кошулуп жаңы вакцинасынын атын "TURKOVAC" деп атады. Ковид-19га каршы ата-мекендик вакцинанын 3-фазадагы сыноосунун негизинде ыктыярдуулар менен жүргүзүлгөн эмдөө программасы президент Эрдогандын онлайн режимде катышуусу менен Анкара ооруканасында башталды.
Президент Эрдоган Түркияны эпидемиядан эртерээк куткаруу үчүн негизги нерсе - өз вакцинабызга ээ болдук деп сыймыктануу менен белгиледи. Бул вакцина менен бирге Түркия жаңы доордун каалгасын ачаарын айтып, бир нече жума ичинде өлкөдөгү 18 жаштан жогору болгон жарандарыбыздын баарын эмдөөгө алаарын билдирди.
Азыр Индия менен Европада көптөгөн мамлекет өз вакциналарын чыгарды, буларга кошуна Казакстан да кошулду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg