www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Спутник V" вакцинасы коронавирустун бардык түрүнөн, ал тургай "дельта" штаммынын AY.4.2. деп аталган түрүнөн да коргой алат. Бул тууралуу Орусиянын Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология илимий-изилдөө институтунун директору Александр Гинцбург билдиргенин "Известия" басылмасы жазат.
"Спутник V" вакцинасы коронавирустун бардык түрүнө майнаптуу экенин көрсөттү", — деген ал.
Буга чейин Улуу Британиянын Саламаттык сактоо агенттиги коронавирустун AY.4.2 варианты "дельтага" салыштырмалуу бир нече эсе жугуштуу экенин айтып чыккан. Бирок Роспотребнадзор "дельтанын" жаңы түрү тууралуу маалыматтар тактала электигин билдирип, анын AY.4.2 деп аталган жаңы вариантын жугуштуу деп айтууга эрте экенин белгилеген.
Булак: NazarNews.kg