www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Абдывахап Нурбаев бүгүн, 27-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында «2022-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлөбү?» деген суроо салды. «Акылбек Үсөнбекович, өткөндө сиз мугалимдердин айлыгын көбөйтөбүз деп айтпадыңыз беле. Мугалимге турмушка чыгам деген кыздар кара далы болуп кетпесин. Быйыл мугалимдердин айлыгын көтөргөнгө мүмкүнчүлүк барбы?», — деди депутат.

Ал эми Жапаров келээрки жылы мугалим менен дарыгерлердин айлыгын көтөрүү пландалып жатканын айтты. «Мен Финляндиянын мисалын келтиргем. Ал өлкөдө жыл сайын сурамжылоо жүрүп турат экен. Финляндиядагы кыздар мугалим менен архитекторго турмушка чыгабыз деп айтат экен. Мен ошону мисал кылгам. 1-апрелде мугалим, дарыгерлердин айлыгын көтөрөбүз», — деп билдирди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 13-октябрда өткөн парламент жыйынында: «2022-жылы мугалим, дарыгерлердин айлыктарын биринчи жогорулатабыз. Кимге турмушка чыгасың деп сураса, мугалимге деп жооп бере тургандай кылабыз», - деген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости