www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызматынан четтетилгенин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Жапаровдун айтымында, шайлоо алдында кайсы бир талапкерге же партияга жан тарткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө катуу жаза көрүлөт. Лейлек районунун акими кызматынан четтетилип, Исфана шаар мэрине сөгүш берилди.

“Президенттин шайлоону таза өткөрүү демилгесин ишке ашыруу багытында кайсы бир бийлик өкүлү шайлоого аралашканы, добуш сатып алгандар же добуш саткандарды далил менен кармаган тартип коргоо кызматкерлерине сый акы да уюштуруп жатабыз”,- деди Акылбек Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 22-октябрда жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, "Кыргызстанда шайлоону дүйнө таң калгыдай кылып таза өткөрүүгө" чакырган. Жогорку Кеңешке шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан, жоопкерчиликке да тартылат деп убада берген.

Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан келет. Арыздарды карап, документтерди текшерүү жана талапкерлерди каттоо 28-октябрда аяктап, 29-октябрда үгүт иштери башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости