www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Амстердамдын апелляциялык соту Крым музейлериндеги скифтердин алтынын Украинага кайтаруу токтомун чыгарды. Музей өкүлдөрү алтынды аннексияланган Крымга өткөрүп берүүнү сураган.

Нидерланддагы “Крым – Кара деңиздин алтыны жана сырлары” деген көргөзмөдөгү экспонаттардын айланасындагы чыр 2014-жылдан бери уланууда. Украин өкмөтү экспонаттарды маданият министрлигинин карамагына өткөргөн жана аларды Украинага кайтарып берүүнү талап кылган. Крым музейлери болсо көргөзмө өткөрүү келишимине ылайык, алтын аннексияланган жарым аралдын аймагына кайтарылышы керек экенин билдирген.

2016-жылы Амстердамдын Аймактык соту Орусия Крымды аннексиялаганга чейин жергиликтүү музейдин колуна өткөн коллекция Украинага таандык деген токтом чыгарды. Бул чечимге карата жазылган доо арызды кароо беш жылга созулду. Сот токтомунда “Мамлекеттин маданий кызыкчылыктары музейлердин кызыкчылыгынан артык” экени айтылган.

Крымдын башчысы Сергей Аксёнов бул чечимди рейдердик басып алуу деп атады. Ал “Телеграм” каналына: “Скифтердин алтындары Крым жеринде табылган, ал ошол жерде жүздөгөн жылдар бою жаткан жана Крымдын маданий мурасы, крымдыктардын сыймыгы болуп эсептелет” , – деп жазды.

Украина президенти Владимир Зеленский “Твиттерде” чечимге канааттанганын билдирди. “Биз өзүбүздүкүн дайыма кайра кайтарып алабыз. Скиф алтындарын кайтардык, Крымды да кайтарабыз”, - деди ал.

Соттун чечимине даттанууга болот. Ал мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенге чейин алтын Нидерландда сакталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости