www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 27-октябрдагы, маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду. Үчөө тең вакцина албагандар.

Жалпысынан, өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын расмий саны 2661 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 124 адамдан табылды.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында (65 адам) жана Чүй облусунда (28 адам). Ош шаары, Ош, Нарын жана Жалал-Абад облусунда илдетти жуктуруп алгандар катталган жок.

Бишкек - 65

Чүй облусу – 28

Талас облусу - 4

Ысык-Көл облусу – 13

Жалал-Абад облусу – 10

Баткен облусу - 4

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 180 865 адамга жетти. Азыр ооруканада 688 бейтап жатат, дагы 692 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келет.

Бүгүн, 27-октябрга карата 1 миллион 686 миңден ашуун адам эмделди. Алардын 958 миңден көбү биринчи дозаны, калганы эки дозаны тең алгандар. Жамааттык иммунитетти жаратуу үчүн калктын 70% же 2,5 миллиондой адам эмделиши кажет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө коронавируска кабылгандардын саны 243 миллионго жакындап калды. Алардын 5 миллионго жакыны вирустан көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости