www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мезгилдин талабына ылайык өздөштүрүлгөн күндө да, улуттук элементтер толук сакталууга тийиш», - деди бүгүн, 21-июлда маалымат агенттигине жазуучу Кеңешбек Айтикеев.
- Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитине келген президенттерди тосуп алган кыздардын кийими социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты. Айтылган сындар орундуубу?
- Кыргызстанга келген президенттерди тосуп алган кыздардын кийген кийимдери кыргыздын улуттук кийимдерине шайкеш келбейт, ошондуктан, соц тармактарда каршы пикирлер айтылып сынга кабылууда.
Улуттук кийимдер ар бир улуттун өзгөчөлүгүн билдирген улуттук кийим-кечелери болуп келген. Мындай салт-сана Кыргыз элине да тиешелүү.
Кыргыздын улуттук кийимдери негизинен жынысына, жаш курагына жана үйдө, майрамда, үйлөнүү тойлордо, жыл маалына жараша бөлүнгөн.
Кыргыздын кыздары үкүлүү топу, тебетей, шөкүлө, кеп такыя, элечек кийип, жоолук салынышкан, кош этек көйнөк, кемсел кийишип, шуру-мончок тагынышкан. Бүгүнкү кыздардын кийинип чыкканы улуттук кийимге болгон жоопкерчиликсиз мамиленин белгиси. Кыргыз улуттук кийимдерге кастарлоо менен мамиле жасап келген.
Кийинки мезгилдерде улуттук кийим тигүүгө жаңы технологиялар кирип өздөштүрүлүп жатат, мезгилдин талабына ылайык өздөштүрүлгөн күндө да, улуттук элементтер толук сакталууга тийиш. Болбосо улуттук улуу касиетибизди, салтыбызды, өзгөчөлүгүбүздү жоготобуз.
Буга чейин социалдык тармакта саммитке келген Борбор Азия мамлекет башчыларын тосуп алган кыздардын кийиген кийими коомчулукта катуу талкуу жараткан.
Белгилей кетсек, учурда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтүп жатат. Ага Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн президенттери катышууда.
Булак: NazarNews.kg