www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек араларды делимитациялоо маселесинде эки жактан тең эриш-аркак кадам жасалыш керек. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жыйынында билдирди.

"Жалпы коопсуздук, туруктуулук жана бакубаттуулук региондогу мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин атмосферасына байланыштуу. Учурда Кыргызстандын боордош Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен тилкелерде мамлекеттик чек араны делимитациялоо иштери уланууда", — деди Жапаров.

Ошондой эле ал чек араларды тынчтыктын, достуктун жана ишенимдин ачык көпүрөсүнө, ал эми Фергана өрөөнүнүн өзүн Борбор Азиянын чыныгы оазисине айландыруу үчүн сүйлөшүүлөр процессин өз ара пайдалуу түрдө аяктоо боюнча саясий эрк бар экенин ырастады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости