www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Корея мамлекет башчысы Ким Чен Ындын кызынын сүрөтү түшүрүлгөн маркалардын сериясын чыгарды. Алар өткөн жылдын ноябрында Хвасон-17 континенттер аралык баллистикалык ракетасын сыноого арналган. Маркалар аталган өлкөнүн почтасынын сайтында жарыяланганын Korea Times билдирди.

Маалыматка ылайык маркалар жума күнү чыгат.

Батыш эксперттеринин айтымында, Хвасон-17 комплекси 15 миң км аралыкты ээлейт жана бир эле учурда бир нече ядролук заряддарды бутага жеткире ала турган бир нече дүрмөткө ээ.

Өткөн аптада Түндүк Корея лидеринин кызы армиянын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган аскердик парадга катышкандан соң, түштүк кореялык маалымат каражаттары анын мамлекет башчысынын мураскери болуп калуу ыктымалдыгын талкуулай баштаган

.

8-февралда Ким Чен Ын кызы менен эл алдына чыккан. Ошондо ал ата-энеси менен Корей элдик армиясынын 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышкан.

Өткөн жылдын ноябрь айына чейин Түндүк Кореянын бийликтери Ким Чен Ындын балдары бар экенин тастыктаган эмес. Түштүк Кореянын чалгындоо кызматынын маалыматы боюнча, анын жубайы Ли Соль Жу менен 2010, 2013 жана 2017-жылдары төрөлгөн эки кыз жана бир уулу бар экени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости