www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Кемин районунун тургуну диний-экстремисттик көз караштан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат жүргүзүп жаткан диний-экстремисттик агымдардын ишмердигин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган ДЭУ тарабынан мүчөлөрүн жана тарапкерлерин мыйзамсыз жолдон кайтаруу боюнча түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларды өткөрүлдү.

Натыйжада, Чүй облусунун Кемин районунун тургуну «К.И.Д. «Йакын Инкар» ДЭУнун катарынан чыккандыгын билдирди жана башка жарандарды да бул сыяктуу уюмдарга кошулбоого чакырды.

"К.И.Д." 2010-жылы эмиссарлар тарабынан «Йакын Инкар» ДЭУнун катарына кабыл алынып, тыюу салынган экстремисттик агымдардын идеологиясын пропагандалоо жана жайылтуу менен активдүү алектенген.

УКМК мыйзамсыз экстремисттик аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды улантууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости