www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоо кызматкерлери Кемин шаарындагы автомектептерде чет өлкөлүк жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү алардын катышуусуз берүү менен байланышкан коррупциялык схеманы аныкташты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ кошумчалагандай, 2021-2023-жылдар аралыгында «Генерал С.А. жана ЖЧК «А.К.» Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан адамдарга жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүү боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштурган. Автомектептердин жетекчилиги жана айрым кызматкерлери окуучулар жок болгон учурда аларды кабыл алуу жана экзамен тапшыруу боюнча буйруктарга атайылап жалган маалыматтарды киргизип, андан кийин окуу күбөлүктөрү жана айдоочулук күбөлүктөрү берилген.

«КР Кылмыш-жаза кодексинин (коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) жана (документтерди жасалмалоо) беренелери боюнча иш козголду. Кемин РИИБнин кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн өздүгүн такташкан. Алар автомектептин 39 жаштагы директору А.К., «Генерал Ч.А. атындагы КООСТО» автомектептин 26 жаштагы мурдагы директору, автомектептин эки мугалими болуп чыкты. Алардын бардыгына кылмыш иши козголду», — деп айтылат маалыматта.

Иликтөөнүн жүрүшүндө жогоруда аты аталган жарандар тарабынан 45 жасалма документ аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости