www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемин районунда дайынсыз жоголгон 24 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 3-мартында саат 18:00 чамасында Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургундардан билдирүү түшкөн. Анда Кемин шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан тоолордон аялдын сөөгү табылганы тууралуу айтылган.

Айтылган жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып кеткен. Табылган жансыз дене 1999-жылы туулган Т.Э.ге таандык экени аныкталган. Ал 2023-жылдын 6-февралынан бери дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болгон. Жансыз денеден зомбулуктун белгилери табылган эмес.

Бул факты боюнча материалдар Кемин районунун ички иштер бөлүмүндө катталган.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости