www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемин районунун прокуратурасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында Кемин шаарында Калкты тейлөө борборунун имаратын курууда мамлекетке 4 млн 675 миң сом зыян келтирилгени аныкталды.
Башкы прокуратура билдиргендей, Кемин шаарынын мэриясы жана Кемин районун өнүктүрүү фондунун кызматкерлери кызмат абалын пайдаланып, Калкты тейлөө борборун курууга баштапкы 27 млн 988 миң 503 сомдон тышкары кошумча акча керек болуп жатат деген негизде Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамынын талаптарын бузуп, Мамлекеттик сатып алуулар порталын пайдаланбастан жана кошумча келишим түзбөстөн «М.С.» компаниясынын банктык эсебине 4 млн 500 миң сом которушкан.
Ошондой эле Эсептөө палатасынын текшерүүсүнөн кийин 2021-жылы жасалган айрым жумуштардын наркы жогору бааланганы, актыларда көрсөтүлгөн курулуш материалдары пайдаланылбаганы аныкталган.
Натыйжада мамлекеттик бюджетке 4 млн 675 миң сом зыян келтирилген.
Кемин райондук прокуратурасы аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337- беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 245-беренеси (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) жана 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иш козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүүдө.
Ал эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги курулуш иштери менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары алектенгенин белгиледи. Бүгүнкү күндө Калкты тейлөө борбору иштеп жатат. Имарат ушул жылы февралда расмий түрдө ачылган болчу. Анын аянты 1168 чарчы метрди түзөт.
Булак: NazarNews.kg