www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Омбудсмен Атыр Абдрахматова Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Свердлов ички иштер бөлүмүндө укук коргоочу Рита Карасартова менен жолукканын маалымдады. Анын маалыматында, Карасартова “массалык башаламандыкка" шектелип жатат.
Ошондой эле Акыйкатчы жарандык активист Акыл Айтбаев менен телефондон сүйлөшкөнүн билдирди.
"Анын үйүндө эч ким жок болгондуктан тинтүү жүргүзүлгөн эмес",-деди Абдрахматова.
Адвокат Чынара Жакупбекова саясатчы Клара Сооронкулованы Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып баратышканын жазды.
Активист Атай Бейшенбек саясатчы Жеңиш Молдакматовду Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө алып баратканын жазып, видеосун жүктөдү. Буга чейин укук коргоочу Азиза Абдирасулова активисттер Али Шабдан жана Эрлан Бекчоро милицияга жеткирилгенин кабарлаган.
Социалдык тармактарда саясатчылар Равшан Жээнбеков жана Азимбек Бекназаровдун дагы милицияга суракка чакырылганы тууралуу билдирүүлөр чыгууда. Бирок алардын өздөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. ИИМ тинтүү жана суракка чакыруу боюнча расмий маалымат бере элек.
23-октябрда эртең менен “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчы, жарандык активисттердин үйүн милиция тинтүүгө алып жатканы кабарланган.
22-октябрда Равшан Жээнбеков 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн маалымдаган.
15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуу айтылган. 21-22-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөн.
22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Садыр Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин билдирди. Жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген.