www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 14-августта Кемпир-Абад окуясына байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралат.
Ушул тушта сотто айыпталгандардын бири, Азимбек Бекназаровдун ооруп калганына байланыштуу процессти анын катышуусуз өткөрүп-өткөрбөө жөнүндө талкуу болуп жатат.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын октябрь айында кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.
Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.
Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.
Булак: NazarNews.kg