www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Санкт-Петербургда таксист болуп иштеген кыргызстандык жүргүнчүнү төрөтүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу «Фонтанка» басылмасы жазды.
29 жаштагы Исламбек Касымжан уулу 2019-жылдан бери Санкт-Петербург шаарында жашайт. Басылманын маалыматына караганда, 3-августта ага Русановская көчөсүнөн чакырык болгон. Кош бойлуу аял күйөөсү менен унаага түшкөн. Алар ооруканага жеткирүүнү суранышкан. Айдоочунун айтымында, алгач баары эле жакшы болгон, бирок аял күтүүсүздөн кыйкыра баштаганда, толгоо башталганын түшүнгөн. «Таксист катары жүргүнчүнү алып, аны айтылган жерге жеткиргенче ага сен жооптуусуң», — дейт ал.
Ал унааны бир жерге токтотууну ойлонгон. Бирок аялга жардам көрсөтө албасын түшүнүп, төрөтканага тез жеткирүүнү чечкен. Унаада ызы-чуу башталганда, жолдогу унааларга белги катары сигнал басып, фараны күйгүзүп-өчүрүп жатканын айтат. Унаа төрөт үйүнө токтогондо, толгоо тартып жаткан аялдын күйөөсү дарыгерлерди чакырганы чуркап кеткен. Аял ошол жерде төрөй баштаган. Исламбек Касымжан уулунун айтымында, ага белгисиз адам жардам берген, ал жөн эле жанына келип, кантип жардам берүүнү суранган. Кыз төрөлгөн. Таксист аны өзүнүн кийимине орогон. Ошол учурда дарыгерлер чуркап келишкен.
Басылманын маалыматына караганда, учурда эненин абалы жакшы.
Булак: NazarNews.kg