www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу укук коргоо органдары Kaktus.media сайтына билдирген.
Маалыматка ылайык, 13-августка караган түнү Тоң районунда Кызыл-Омол уран кенинен анча алыс эмес жерде ири жол кырсыгы катталып, BMW менен Audi бетме-бет сүзүшкөн.
Алдын ала маалыматтарга караганда, BMW унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып, каршы тилкеге чыгып кеткен. БМВнын айдоочусу ошол жерден каза болуп, Audi унаасынын айдоочусу оор абалда ооруканага жаткырылган.
Кырсыктын кесепетинен сегиз адам каза болгон, анын ичинде бир жарым жаштагы жана беш айлык ымыркай бар. Кырсыктан дагы алты адам жабыркады. Алардын баары Балыкчы ооруканасына жаткырылып, каза болгондордун сөөгү шаардык өлүкканага жеткирилди.
Кырсык Нарын жана Ысык-Көл облустарынын чек ара тилкесинде болгон.
Бул маалымат боюнча ЖКККББнын басма сөз кызматына байланышканыбызда бул жол кырсыгы боюнча азыркы учурда тергөө кызматы иш алып барып жатканын жана тергөөнүн чечими менен толук маалымат берилерин билдиришти.