www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад иши боюнча 9 фигурант камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абадга байланыштуу иш менен кармалган 9 фигурантты камакта калтырды. Алардын камактагы мөөнөтү 2024- жылдын 20-майына чейин узартылды. Бул иш боюнча активист, саясатчы, блогер жана журналисттерден жалпы 27 адам кармалган.

1-тергөө абагында камакта калгандары:

1. Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров;

2. мурдагы депутат Равшан Жээнбеков;

3. активист Жеңишбек Молдокматов;

4. Президенттин Талас облусундагы мурдагы өкүлү Айбек Бузурманкулов;

5. журналист жана саясатчы Айданбек Акматов;

6. активист Марат Баязов;

7. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев;

8. активист Тимур Махмудов;

9. активист Ильгиз Шаменов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости