www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камалгандар судья Марат Сыдыковдун иш боюнча сот процессин мындан ары аптанын шаршемби, жума күндөрү өткөрүү чечимине нааразылыктарын билдиришүүдө.

Алардын судьянын бул чечимин жакындары менен жолугуу укугунан ажыратуу деп сыпаттаган билдирүүсү 13-мартта саясатчы Равшан Жээнбековдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

"Мыйзамга ылайык айыпталуучулардын айына эки гана жолу жакындары менен жолугуу укугу бар. Тергөө абагы аптанын шаршемби жана жума күндөрү жолуктурат. Судья Марат Сыдыков буга чейин ар бир шаршемби күнү сот өткөрчү. Эми жума күнү дагы өткөрүү чечимин кабыл алды. Кемпир-Абадчылардын жүйөлөрүн угуп дагы койгон жок. Бул чечими менен судья Сыдыков бизди мыйзамсыз эркибизден гана ажыратпастан, мыйзам аркылуу кепилденген, эркинен ажыраган адамдар үчүн эң ыйык жана маанилүү жакындарыбыз менен жолугушуу укугубуздан ажыратты", - деп жазылган билдирүүдө.

Билдирүү ээлери судьянын чечими өздөрүнө жасалып жаткан психологиялык басым деп эсептешет. Ага Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, тергөө абагында жаткан 10 киши кол койгон.

Бул билдирүү боюнча Биринчи Май райондук соту азырынча комментарий бере элек. "Азаттыктын" суроосу жоопсуз турат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активист 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости