www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-октябрда Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычынын маселеси боюнча элдик курултай өттү.

Түштөн кийин курултай жыйынтыкталып, жыйынтыгында тогуз пункттан турган биргелешкен резолюция кабыл алынды:

1. Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын аянты Кыргыз Республикасынын менчигинде калсын! Анын далили катары:

а. Кемпир-Абад суу сактагычына тиешелүү жер алмашуу делимитация, демаркация иштери токтототулуп, ратификациядан өтпөсүн.

б. Делимитация жана демаркация боюнча мамлекеттик комиссия кайрадан түзүлсүн.

2. Кемпир-Абад суу сактагычына тиешелүү жер алмашуу делимитация жана демаркация маселеси токтобой улана турган болсо, Бишкек шаарында Кемпир-Абад элдик курултай уюштурулат.

3. Делимитация жана демаркация маселелери боюнча протоколдор инвентаризацияланып, элге жарыялансын.

4. № 36, № 39 жана № 42 протоколдор жокко чыгарылсын.

5. Баткен чек ара чатагында келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү үчүн , элдик жана депутаттык топтон турган коммиссия түзүлсүн жана Баткен облусун өнүктүрүү программасынын аткарылышын көзөмөлдөсүн. 

6. Саясий куугунтукту токтотуу керек.

7. Бишкекте тез аранын ичинде жыйын чакырылып, "Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо" комитети жана кыймылы түзүлсүн. Комитеттин курамына депутаттар кириши керек.

8. Негиз катары ушул резолюция жалпы добушка коюлуп кабыл алынсын.

9.  Ушул резолюциянын оңдоп түзөө иштери уюштуруу тобуна жөнөтүлсүн.

Последние новости